Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камилла Сагыналиева эмне үчүн "Эмгек" менен чоң саясатка аттанды?

01.04.2021 14:20
2755
Камилла Сагыналиева эмне үчүн "Эмгек" менен чоң саясатка аттанды?

"Эмгек" партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна ат салышууда. Партиянын катарында ар кыл тармактарда иш алып барган жана жаш курагы ар түрдүү талапкерлер бар. Айрымдарынын жашоодогу жана саясаттагы тажрыйбасы мол болсо, башкасы жаңы идеяларга бай жана стандарттуу эмес ой жүгүртүүгө ээ. Алар бири-бирин толуктап турушат.


Камилла Сагыналиева - партиянын көз мончогу. 23 жашта. Көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, эл аралык турнирлердеги байгелердин ээси. 17 жашынан бери машыктыруучу болуп эмгектенет.


- Талапкерлердин арасынан сиздей жаш кызды көрүү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болсо керек. "Эмгек" партиясына кантип келип калдыңыз? 

- Чакыруу менен келдим. Мен үчүн күтүүсүз жана жагымдуу болду. Дароо эле макул болбостон дыкаттык менен ойлонуп чыктым. Анткени, бул чөйрө мага таптакыр эле тааныш эмес болчу. Буга чейин саясаттан алыс болчумун. Ошентсе да байкап көрүүнү чечтим. Шаардын өнүгүүсү үчүн өз салымымды кошкум келди.


- Эгерде мандатка ээ болуп калсаңыз спортту өнүктүрөсүзбү?

- Албетте! Биринчи кезекте. Кыргыз спортундагы негизги маселе - каражаттын жетишсиздиги. Мисал үчүн гимнастикада бардык нерсени ата-эне камсыздайт. Спорттун көпчүлүк түрүндө ушул көрүнүш. Биз мындай жол менен таланттуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдала албайбыз. Спортко башкача мамиле керек.


- Борбор калаанын дагы кайсы көйгөйү сизди ойлондурат? 

- Актуалдуу делгендерден шаарды каптаган кара түтүн ойлондурат. Биздин партия бул маселени чечүүгө даяр. Ал үчүн конкреттүү пландарыбыз бар. Партиябыздын программасы мыкты жана анда күчкө толуп турган талапкерлер көп. 


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн