Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камсыздандыруу полистери эки эсеге өстү

21.01.2020 12:17
772
Камсыздандыруу полистери эки эсеге өстү

Салык кызматы 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр үчүн бир катар жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизген.

Анын натыйжасында 2019-жылы 32 млрд. 432,6 млн. сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8 млрд. сомго көп. Салык кызматы быйыл 35,7 млрд. сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону пландап жатат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 15-январынан тартып Салык кызматы Социалдык фондунун ордуна камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштаган. Башкача айтканда , салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу чегерүүлөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу болууда, бул иш-чара төлөөчүлөрдүн кетирген убактыларын  үнөмдөйт. Натыйжада, кээ бир райондордо берилген камсыздандыруу полистеринин санынын көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу 2 эседен ашык көбөйдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн