Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Канада 2020-жылдагы Олимп оюндарына спортчуларын жөнөтпөйт

23.03.2020 12:53
696
Канада 2020-жылдагы Олимп оюндарына спортчуларын жөнөтпөйт


Канаданын олимпиада комитети 2020-жылдагы Олим оюндарына спортчуларын жөнөтпөй турганын айтып, мелдешти жылдыруу керек деген арызы менен кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Канаданын комитеттери спортчуларын жайкы Олимп жана параолимпиада оюндарына жөнөтпө чечимин кабыл алды, жана Эл аралык олимпиада комитетин, Эл аралык параолимпиада комитетин жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун мелдешти 1 жылга жылдырууга чакырууда.


“Коронавирус биздин спортчуларга коопсуз шарттарды жаратууда, ал эми спортчуларыбыздын ден-соолугу, алардын үй-бүлөсүнүн саламаттыгы эң негизги. Илдет менен күрөшү биздин башкы максатыбыз болуш керек. Биз саламаттыкты сактоо тармагында глобалду кризиске кептелип турган учурда, спортко карганда ден-соолук биринчи орунда турат”, - деп жазылган кайрылууда.


2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимп оюндарына Канададан 314 спортчу катышып 22 мөөрөй уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн