Канаданын расмий бийлик өкүлдөрү Пекинде өтө турган кышкы олимпиада оюндарына бойкот жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, канадалык спортчулар 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин өтө турган Олимпиада катыша берет. Болгону дипломатиялык кызматкерлер келбейт.
Буга чейин АКШ Кытайдагы оюндарга бойкот жарыялай турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн