Оттава металлургия, машина куруу жана транспортту Украинадагы жаңжалга байланыштуу санкцияларга дуушар болгон орус өнөр жайларынын тизмесине кошконун Канаданын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Чектөө чараларынын тизмесине кара металлургия, даяр металл буюмдарын өндүрүү, компьютердик техника, электроника, оптика, электр жабдуулары жана транспорт каражаттары, ошондой эле кургактык транспорту, түтүктөр кирет.
Канада ошондой эле Орусиянын мунай газ, химия жана машина куруу тармактары үчүн айрым өнөр жай кызматтарына тыюу салды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн