Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Канадада ок атышуудан 16 адам каза болду

20.04.2020 13:42
1007
Канадада ок атышуудан 16 адам каза болду


20-апрелге караган түнү Канаданын Жаңы Шотландия провинциясында ок атышуудан 16 киши набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 51 жаштагы Габриэль Вортман полициянын кийимин кийип алып Портапик шаарында жана башка аймактарда ок чыгарып, 16 адам көз жумган. Ал эми шектүү 12 саатка созулган атышуунун натыйжасында өлтүрүлгөн.


Ал эми каза болгондордун арасында Падышалык атчандар полициясынын 23 жаштагы офицер айымы Хайди Стивенсон да бар. Мындан сырткары дагы бир кызматкер жарадар болгон.


Полициянын комиссары Бренд Лак окуянын терроризмге тийешеси жок экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн