Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Канада "Кумтөрдүн" тышкы башкарууга берилүүсү боюнча тынчсызданганын билдирди

18.05.2021 09:19
1188
Канада "Кумтөрдүн" тышкы башкарууга берилүүсү боюнча тынчсызданганын билдирди

Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно жана кичи бизнес, экспортту өнүктүрүү эл аралык соода министри  Мэри Нг "Кумтөр Голд Компанинин" тышкы башкарууга берилиши боюнча биргелешкен кайрылуу жасады. 


"Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары, Канада тоо-кен тармагындагы өнүгүүлөргө абдан тынчсызданганын билдирет. Канада 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында кабыл алынган "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тышкы башкарууну орнотуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгына, ошондой эле парламенттик сессиянын жүрүшүндө кыргыз тарап компаниянын жетекчилигине көзөмөл орнотууну көздөп жаткандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирет.  Бул келечектеги Кыргыз Республикасына келе турган чет элдик инвестициялардын көлөмүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Чет элдик инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы бул талаш эки тараптын биргелешип иштеп, ачык-айкын чечилбегендигин белгилейт.


COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толук калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана адилеттүү ишкердик чөйрөсү талап кылынат. Мындай чаралар эл аралык соода жүгүртүүнүн жана чет элдик инвестициялардын көлөмүн азайтып, ошондой эле кыргыз элинин жыргалчылыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн",- деп жазылат билдирүүдө. 


Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңеш "Кумтөр" компаниясын убактылуу тышкы башкарууга берүү чечимин кабыл алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн