Америка кошмо штаттарынын "ESPN" спорттук телеканалынын журналисти Ариэль Хельвани Валентина Шевченкону туулган күнү менен куттуктап жатып кыргыз тилинде да куттук айтты.
Ариэль Хельвани куттуктоосунун арасында “Туулган күнүң менен”, - деген сөзүнө Шевченко: “Рахмат, туулган күнүң менен деген бул кыргызча сөз”, - деп жооп берген.
Атактуу мушкер айым 7-мартта 32 жашка толду. Валентина Шевченко профессионалдык рингде 19 беттеш өткөрүп анын алтысын мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн