Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Канат Хасанов: Ээй, Сегизбаев, пацан, жаныңды жеп калп айтпа, мага духуң жетпейт! (ВИДЕО)

24.12.2020 11:37
2958
Канат Хасанов: Ээй, Сегизбаев, пацан, жаныңды жеп калп айтпа, мага духуң жетпейт! (ВИДЕО)



Белгилүү адвокат Канат Хасанов президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге жооп берди. Ал Сегизбаевдин калп айтып жатканын белгилеп, аны жооп берүүгө чакырган.


Абдил Сегизбаевдин мага карата кайрылуусун карап отурсам “Ээй Хасанов” деп жатат. Эй Сегизбаев, сен өзүң суроого жооп берчи, калп айтканың көрүнүп жатпайбы. Сен эмне эле элди алдап жатасың? “Кумтөр” боюнча 2009-жылкы келишимди айтасың, 2017-жылы ошол келишимдеги 36 пайызды 27ге түшүргөн силердин командаңар эмеспи? Азыр болсо калп айтып жатасың. Сот тандоо кеңеши дейсиң, ал жерде 27 мүчөсү бар болчу. Мага далилиң болгондо камамаксың. Азыр эми акылдуу болосуң “пацан”. Сен биринчи өзүңдү карап алсаң. Болоттун (Сүйүнбаев) алтын боюнча ишин билбей калдың беле? Эмне жаныңды жеп жатасың? Эмне Дача-СУ боюнча так жооп бере алган жоксуң? Баары күнөөлүү, сен гана тазасыңбы? Уялсаң боло, калпты урдурбай. Фейктериңе, троллдоруңа айтып кой, колуңдан келбейт, духуң да жетпейт. Ээй, Сегизбаев, сен документтерди жасаганың үчүн жооп бер! Калпычы! Сен жаныңдагы балдарды, баарын сатканыңды билесиңби?”, - дейт ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн