Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:39
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Канат Хасанов: Коронавирус жок, эшикке чыккыла деп элди үгүттөгөндөр жазалансын (видео)

21.04.2020 13:50
1174
Канат Хасанов: Коронавирус жок, эшикке чыккыла деп элди үгүттөгөндөр жазалансын (видео)


Элге жалган маалымат тараткандар жазаланышы керек. Мындай пикирин белгилүү юрист Канат Хасанов билдирип чыкты. 

Ал элге, укук коргоо органдарына ачык кайрылуу жасап, "коронавирус жок, эшикке чыккыла", - деп элди үгүттөгөндөрдү жазалоо керектигин, болбосо кыргыз эли үчүн анын арты коркунучтуу болорун айткан.  


"Фейсбукта Эрболот Умбетбеков деген жигит пандемия, коронавирус деген жок деп маалымат таратып жатат. Бул туура эмес, анткени биз пандемиядан жабыркагандарга, дарыгерлерге жардам беребиз деп жүрүп өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Биз алар менен түз байланыш кылган жокпуз, бирок абалдын канчалык олуттуу экенин көрүп турабыз. Азыр чындап коронавирус бар.  

Ушул жалган маалымат таратып жаткан жаткан жигитке күч органдары бир чара көрүп бергиле. Бул иши туура эмес, ал элди эшикке чыгарып алалы деп атат. Эгер азыр элди эшикке чыгарып алсак, бул жугуштуу ооруу каптап, коомду бир балээге кабылтып алабыз. Биз ага жеткизбешибиз керек", - дейт юрист кайрылуусунда.  




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн