Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:36
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Канат Хасанов: Мага карата кара пиар уюштургандар менен эрегишпейм

10.07.2020 13:29
1219
Канат Хасанов: Мага карата кара пиар уюштургандар менен эрегишпейм


Ушундай абалда менин үстүмдөн кара пиар уюштуруп жатышканы туура эмес, деп билдирди “Чоң Казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасанов өзүнүн Фейсбук баракчасындагы түз эфирде.


Ал бир топ күндөн бери пневмония илдети менен күрөшүп, ооруканада жатат.


Белгилей кетсек, мурдараак активист Мелис Аспеков “Чоң Казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасанов аталган кыймылдан акча алып кеткенинайтып чыккан. Ал Хасанов канча сумма каражат алганын ачыктаган эмес. Эгерде бул маалыматты төгүндөй турган болсо түз эфирге чыгуусун билдирген.

 

Канат Хасанов буга байланыштуу өзүнүн жообун айтты. “Мен андай билдирүүгө таарынбайм дагы, аны менен эрегишпейм дагы. Эгерде колунан келсе айткан фактысын далилдей берсин. Мелис инимди каралоолор менен түрмөгө камаганда, экөөбүз ошол жактан жолукканбыз. Ошондо туура эмес доолор жүрүп жатканын айткан. Бүгүн ал мага негизсиз каралоо кылып жатканы туура эмес”, - деди Хасанов.


Ошондой эле ал “Чоң Казаттын” лидерлери Максат Мамытканов, Жаркынбек Касымбеков, Сыймык Жапыкеевдер менен достук мамилеси жакшы экенин, бүгүнкү күндө алар колдорунан келишинче колдоп жатканын кошумчалап, кыймылдан кетти, деген маалыматты төгүндөдү.  

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Хасанов Ата мекен менен эле барганы жакшы шайлоого. Каралоо камандасынан чыканы жакшы. Бул каманданын келечеги жоктой болуп калды менимче