Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Канат Исаев: Бир мандаттуу системанын жыйынтыгы революцияга алып келген

04.11.2020 11:57
1317
Канат Исаев: Бир мандаттуу системанын жыйынтыгы революцияга алып келген

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президенттике ат салышарын    айткан Канат Исаев парламенттик шайлоо системасы боюнча пикирин билдирди.


"Бир мандаттуу системаны да көргөнбүз. 2005-жылы бир мандаттуу система менен шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына эл нааразы болуп революцияга айланган. Экинчиден, үчүнчү чакырылышта бир дагы аял депутат өткөн эмес. Бүгүнкү күндө акчасы жок, элдин ичинде кадыр-баркы бар ар кандай саясий күчтөрдүн, ар кандай коомдун катмарынын өкүлдөрү партиянын арты менен депутат болууга мүмкүнчүлүгү бар. Жарымы бир мандаттуу системадан болсо, анда ошол жарымында жалаң бай, олигархтар келет. Анткени округдар көбөйөт, жок дегенде 80 миңдик округдар болот. Элестеткиле, 80 миңдик округдан эч качан колунда жок адам депутат боло албайт", - деп билдирди Исаев. 


Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Конституциялык өзгөртүүлөргө барып  ЖК депутаттарын бир мандаттуу система менен шайлоо бонча пикирин билдирген болчу.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн