Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Бул жыйында спикер Канат Исаев спикерлик кызматтан кете турганын билдирди.
"Партиялаштар президенттикке талапкерлигимди көрсөтүштү. Садыр Жапаров дагы президенттикке аттанарын билдирди. Мен талапкер катары президенттин милдетин аткара албайм. Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүү чечимин кабыл алдым. Мыйзамдуулукту кармап турууга бардык күчүмдү жумшадым. Алдыда чоң мамлекеттин иштери турат", - деп билдирди президенттикке талапкер Исаев.
https://www.super.kg/kabar/news/331415/
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн