Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Канат Исаевдин артыкчылыктары жана кемчиликтери

25.11.2020 13:09
610
Канат Исаевдин артыкчылыктары жана кемчиликтери


2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин ичинен салмактууларынын артыкчылыктарына жана ошол эле убакта кемчиликтерине кезек-кезеги менен токтолуп турууну окурмандардын алдында убада кылганбыз. Буга чейин Садыр Жапаров жана Адахан Мадумаровдун бейнелерине сүртүмдөр жасалган. Бул ирет «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Канат Исаевге токтолобуз.


Артыкчылыктары


Эң башында эле айтып кое турган артыкчылыгы – бул Канат Исаевдин туруктуулугу. Саясий кырдаалга жараша позициясын өзгөртүп кете бербейт. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо да ал талапкерлигин коюуну ниет кылган. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы анын талапкерлигин каттаган эмес. Ошондо ал өзүнүн эски партиялашы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп чыккан. Бул кадамы менен ал өзүнүн ыңгайына карап, эски үзөңгүлөшүнөн оолак болуп, позициясын өзгөртүп кеткен эмес. Ошол убакта анын башынан кара булут каптап турган (кылмыш иши козголуп) учур эле. Атамбаевдин бийлигинин куугунтугуна кабылган.


2020-жылдын 4-октябрында шайлоонун жыйынтыктарына жаралган нааразычылыктардын арты менен 5-6-октябрдагы окуялар болуп кетти. Мында да ал өзүнүн туруктуулугун көрсөтө алды. Сооронбай Жээнбековдун колунан бийлиги жылмышып жатканына карабай анын жанында болду. Болбосо, көптөгөн саясатчылар ошол эле күнү жаңы келип жаткан бийликтин алдында жасакерленгенге үлгүрүп алышты. К. Исаев мында да ыңгайга жараша кубулуп кетүүдөн оолак болду.


Саясатта жетишээрлик салмагы бар экенин эки ирет парламенттик шайлоодо далилдеди. Биринчиси – 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо, экинчиси – 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоодо «Кыргызстан» партиясын жеңишке жеткирди. Демек, лидерлик сапаты бар. Артынан ээрчий турган командасы да жетиштүү.


Эмгек жолу да салмактуу. Катардагы салык кызматкеринен тарта улук инспектор, башкы инспекторлук тепкичтерди басып, райондук кеңешке депутат болуп, экономика жана финансы министрлигинде да иштеген. 2006-жылдан тарта жооптуу кызматтык даражаларга көтөрүлө баштаган. Адегенде газ чарбачылыгынын Чүй башкармалыгынын начальнигинин орун басары, начальниги, генералдык дирекциянын мүчөсү болот. 2008-жылдан 2010-жылга чейин Токмок шаарынын мэрлигин аркалайт. 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, ошол жылдын декабрынан 2012-жылга чейин «Республика» фракциясын жетектейт. 2013-2015-жылдары Чүй облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болот. 2015-жылы кайра Жогорку Кеңешке өзү лидерлик кылган «Кыргызстан» партиясы менен келген.


Кемчиликтери


Башкы кемчилиги – бул ага карата убагында козголгон кылмыш иштери. Ага Токмок шаарынын мэри болуп турган кезинде «Жалпы пайдалануудагы муниципалдык жер тилкесин соода борборун куруу үчүн жеке компанияга мыйзамсыз берген» деген айып 2016-жылы УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан коюлган. Биринчи инстанциядагы сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, кийин Бишкек шаардык соту кылмыш ишин 303-беренеден 304-беренеге өткөрүп, мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишти токтоткон. 2017-жылы да «Бийликти күч менен басып алуу аракетин жасаган» деген айып тагылган.


2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн чектей турган жагдайлардын бири – анын башкы демөөрчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандагы бизнесин токтотуп, учурда Дубайда жүргөнү. Маалыматтарга караганда Ш. Абдыкеримовдун «Аю» фирмасынын жабылышына учурдагы бийлик таасир эткен. Шайлоодо өтө көп каражат сарптала турганын эске алганда, К. Исаевдин башка олуттуу атаандаштарына караганда каржылык жактан кемчилиги байкалып турат.


2017-жылдагы президенттик шайлоодо К. Исаев Ө. Бабановдун талапкерлигин колдогон. Ал эми 2021-жылдын башында өтө турган президенттик шайлоодо Бабанов С. Жапаровду колдой турганын билдирди. Демек, К. Исаев саясий өнөктөштүктө туруктуу болгону менен, анын өнөктөштөрү туруксуз.


Электорат деген да маселе бар. Бул жагынан алганда да К. Исаев шайлоодогу башкы фигуранттардан калышып калат. Эгерде жеңишке жетүүнү чындап максат кылса, анда өзүнүн командасына өлкөнүн түштүгүнөн, Талас, Ысык-Көл облустарынан жеткиликтүү добуш ала тургандай таасирдүү саясатчыларды кошушу керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн