Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Канат Сагымбаев: Камчыбек Ташиевге жардам беришибиз керек

19.02.2021 08:44
1100
Канат Сагымбаев: Камчыбек Ташиевге жардам беришибиз керек


Чегара маселеси эң орчундуу маселе жана аны чечүү үчүн көп убакыт талап кылынаарын  баардыгыбыз жакшы билебиз.


Камчыбек Ташиев ден-соолугуна карабай маселени көзөмөлдөп, жеринен чечкени аракет кылганы өтө жакшы көрүнүш.


 Алмазбек Атамбаевдин чоң державалардын жетекчилери менен тең-ата сүйлөшө алгандыгын жанынан көрүп жүргөн жансакчысы катары айтаар элем, коңшу мамлекеттердин башчыларынын алдында бөжөңдөбөй, башты бийик көтөрүп сүйлөшө билген гана жетекчи  - ийгилик жарата алат! Четтен карап сындабай Камчыбек Ташиевдин бул аракетин колдоп жардам берүүбүз керек! Бийликтин күчү элде, элдин күчү ушундай чыгаандарда!


Канат Сагымбаев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кулманбетова Чынара
Баткенге майда ишканаларды ачып, элди жумуш менен камсыз кылуу абдан зарыл деп ойлойм. Ошондо элибиздин саны кобойуп, Тажик, Озбектерге жерлерибизди алдыртпайбыз ....