Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Канат Жумагазиев Кочкор РИИБдин өздүк курамы менен жолугушту

03.01.2023 13:12
577
Канат Жумагазиев Кочкор РИИБдин өздүк курамы менен жолугушту


2-январь күнү Нарын ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Канат Жумагазиев Кочкор РИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, РИИБдин ишмердиги менен жеринен таанышып, Кочкор РИИБдин начальниги кызмат ордуна дайындалган милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубековичди өздүк курам менен тааныштырды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Андан соң өздүк курамга саптык кароо жүргүзүп, аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюлушун эскертип кетти.


Кочкор РИИБдин өздүк курамы менен болгон жолугушууда, Канат Джумагазиев кызматкерлерди кирип келген Жаңы жыл менен куттуктап, ар бир кызматкер Кызматтык милдеттерин билүүгө жана аткарууга, кызматтык этиканын талаптарын сактоого, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жетекчиликке алууга милдеттүү- экендигин эскертти.


Жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо чаралары колго алууну, анын ичинде, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алуу, унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептерин алдын ала тактап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге таасирдүү коопсуздук чаралары ишке ашырууну жана ар бир жетекчи өзү жооптуу болгон аймакта демилге көтөрүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, районду мамлекеттик администрация жана башка жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге иш-чарасын жүргүзүүнү милдеттендирди. 


Кочкор РИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Турарбек Иманкулов Нарын ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Канат Джумагазиевге ишине ийгилик каалап , ардагерлердин атынан ак калпак кийгизди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн