Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Канат кайруу качан калат?

27.07.2021 11:11
1499
Канат кайруу качан калат?


Ош шаарынын шаардык кеңешине шайлоолордо ишенимдүү утуп чыккан “Биздин Кыргызстан” партиясынын добуштары жокко чыккандыгы - болуп көрбөгөндөй кош стандарттуулук жана адилетсиздик. Жайкын жерден түзүлүп, андан-мындан азган-тозгон байларды чогулта калган, эптеп мандат алсак болду деп партия боло калган уюм болсо кейибейт элек. “Биздин Кыргызстан” мамлекеттин бюджетин майкандап жебеген, жаңычыл аракети, иши менен байыган жаштардын партиясы. Ошко Президент барабы, Премьер барабы мактанып көзгө басчу, эгемен Кыргызстанда биринчи жолу курулган машина куруу заводун ачкан балдардын партиясы болчу. Ой-чуңкур болуп оюлуп жаткан адырды, кескелдирик менен жылан мекендеген талааны миллиондорду коротуп тегиздеп, миллиондорду коротуп электр энергиясын, суу, жол алып барып, суперзаманбап фабрика салып жаткан жигиттердин партиясы болчу. Алдыда дагы литейный завод курабыз, Баткенге, Аксыга ГЭСтерди салабыз, Ош шаарында 50 млн долларлык Борбор Азияда аналогу жок завод курабыз деген жигиттердин партиясы болчу. Кечээ Баткенде кан төгүлүп, айылдар күлгө айланганда, биринчилерден болуп жардам колун сунуп, 20 үйдү өз каражатына куруп жактан кайрымдуу адамдардын партиясы болчу.



Кечээги Союз болгондо мындай өндүрүштү өркүндөткөн жигиттерди альтернативасыз депутат кылып шайлап, күчүн мамлекетке пайдаланмак.



“Биздин Кыргызстанды” шайлоодон четтетүү менен Мекен үчүн, айрыкча, түйшүгү түмөн түштүктүн эли үчүн иштеп берели деген азаматтардын демине суу себилди. Жаңыдан көтөрүлүп келе жаткан кыргыз өндүрүшүнүн, кыргыз инженериясынын мизи кайтарылды.



Өткөн кылымда союздук республикалардын чек аралары чийилип, бирдиктүү Орто Азия республикаларга бөлүнүп жатканда Ош шаары кыргыздардыкы болуп, Кыргызстанга киришинде тарыхый роль ойногон, кылымдардан бери Ошко танапташ жашаган Жапалак, Озгур, Төлөйкөн, Учар, Арек, Соколок айылдарынан чыккан мыкты балдар тизеге чабылды. Мунун өзү саясий жактан да алешем кадам. Ош тегерегинде протесттик күчтөрдүн пайда болуусу бийликке абийир алып келмек беле?



Добуш сатып алуу фактылары бардык партияларда эле катталды. Калгандар тарыхта болбогондой таза шайлоо өткөрүп, бир гана “Биздин Кыргызстан” добуш сатып алган болуп калабы? Башка партиялардан да добуш сатып алуу фактылары байма-бай чыгып жатты го. Эгер адилет мамиле кылабыз десе, аймактык шайлоо комиссиясы башка партияларды да четтетүүсү керек.



Ош шаарынын өнүгүүсүнө жаңы дем беребиз, жаңыча ойлонгон, жаңыча иштеген жаштарды бийликке алып келебиз десек, “Биздин Кыргызстан” мандат алышы керек.



Деги алдыга озгон, төбөсү көрүнгөн азаматтардын канатын кайрый берген адатыбыз качан калар экен?..



Нургазы Мусаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн