Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Канатбек Абдрахманов: “Эч кандай коркунуч жок, катуу жер титирөө болбойт”

13.03.2024 16:30
1584
Канатбек Абдрахманов: “Эч кандай коркунуч жок, катуу жер титирөө болбойт”


КР УИАнын президенти, сейсмология институнун директору айрым кызыктырган суроолорго жооп берди. 


- Канатбек аксакал, сиздин айтымыңызда, кечээ жакында эле сезилген жер титирөө 1911-жылдагы Кемин жер титирөөсүнүн очогунда болуптур. Бул кооптонууга негиз береби?


- “Кемин жер титирөөсү” деп коёбуз, чын эле 1911-жылы чоң зилзала болуп, анын очогунда 11 баллга жеткен силкинүү орун алган. Кечээги жер титирөө так ошол очокто кайталанды. Бирок бул жөнөкөй, кадыресе эле көрүнүш катары айтайын. Себеби, бир очоктун үстүндө башка майда жер титирөөлөр деле боло берет. Кээ бирөөлөр ошол очокто болсо, демек, дагы бир чоң жер титирөө болушу мүмкүн турбайбы (?) деп ойлошот экен. Казак сейсмологдорунун бирөө ошентип айтыптыр. “Кемин очогу активдешти, ошондуктан, катуу жер титирөөнү күтүш керек” деп. Мен андай пикирге каршымын. Андай тыянак чыгарыш үчүн абдан чоң изилдөөлөр керек. Андай изилдөөлөр өткөрүлгөн жок. Бул биринчиден. Экинчиден, чоң жер титирөөлөр болуш үчүн тектоникалык чыңалуулар топтолушу керек. Кемин жер титирөөсүнөн бери жүз жылдан ашык убакыт өттү. Андай жер титирөөлөр болуш үчүн кеминде 3-4 миң жыл керек. Ошондуктан, мен Кыргызстандын жарандарына кайрылып айткым келет, эч кандай коркунуч жок, катуу жер титирөө болбойт. 


- Бирок, акыркы кездерде майда силкинүүлөр көп болуп атпайбы?


- Көп болуп жатат деген туура эмес. Мурунку жер титирөө биздин эмес, Кытайдын аймагында болду. Бизге сезилгени быякка жеткен толкундар. Ал эми биз айткан жер тирөөнүн очогу биздин аймакта болчу. Кээ бирөөлөр “тиякта, быякта болду” деп ойлойт, көбүрөөк кайталанып жаткандай сезилет. Бирок, бул туура эмес. Эч кандай байланышы жок. Себеби, аралыгы 400 чакырым. Эч кандай тектоникалык чыңалуулар 400 чакырымга тарай албайт. 


- Жаңы салынган үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерүү боюнча комиссиянын мүчөсү катары айтсаңыз, эмне үчүн анын ишинин жыйынтыгы чыкпай калды?


- Мен ал комиссиянын төрагасы эмесмин, жөнөкөй эле мүчөсүмүн. Мени ал комиссиянын жыйынына бир да жолу чакырышкан жок. Илимдер академиясынын буга тийешеси жок экенин, туура эмес киргизип алышкандарын түшүнүштүбү, ким белет… Же ал комиссиянын ишинин жыйынтыгы жок болсо керек. Мен чынын айтканда, ага жооп бере албайм. Бүгүн саат ондо келүүбүздү чакырышкан. Мен келдим. Мамкурулуштун жетекчиси, же орун басарлары келген жок. Мен жалгыз алардын баарына, албетте, жооп бере албайм да. 


- Бирок комиссиянын курамында сиздерден бир өкүл болуш керекпи?


- Бир өкүл болуш керек, бирок биз кандай суроолорго жооп бере алабыз? Мисалы, мен сейсмология институтунун директорумун, биздин институт илимий мекеме. “Жер титирөө качан, кайсы жерде, эмне себептен болот?” деген суроолорго жооп бере алабыз. Бирок, “имараттар силкинүүгө туруштук бере алабы, бере албайбы?” деген суроого жооп бере албайбыз. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн