Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Канатбек Азиз: «Ата Мекен» үгүт иштеринин тартибин бузуп жатат

05.08.2020 10:06
2289
Канатбек Азиз: «Ата Мекен» үгүт иштеринин тартибин бузуп жатат


«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз «Ата Мекен» партиясы үгүт иштеринин тартибин бузуп жатканын билдирди.  

Буга чейин «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, анда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүн сынга алып өткөн эле.

«Кечээ гана «Ата Мекен» партиясынын катарында пайда болгон дилетанттын негизсиз дооматтарынын деңгээлине түшүп комментарий бергим келбейт. Мени башка нерсе таң калтырат, саясатта чоң тажрыйбасы бар, шайлоолорго катышуу каалоосу бар саясий уюм, бирок кече эле мамлекет башчысын шайлоону токтото турууга чакырган, бүгүн болсо мыйзамдуулук жана акыйкаттык тарапта тургандай сыяктанган, иш жүзүндө шайлоо мыйзамдарын ачык эле бузуп, анын талаптарынын алкагынан чыгып кетүүдө. Тилекке каршы, мында айрым ММКлар жана интернет басылмалар аларга жагынгандай аракет кылууда», - дейт Канатбек Азиз.

Анын айтымында, «атамекенчилердин» бул аракети мезгилинен эрте үгүт жүргүзүүгө дал келет. Убактысынан эрте «макул» деген добуш берүүгө да, «каршы» деген добушка да чакыруу мыйзамды бузуу болуп саналат.

«Албетте, мындай түрдөгү балдар бул тууралуу билбейт деп эсептегенге болот. Эгерде ошондой болсо, анда алардын партиялык юристтери мындай кылганга болбой турганын жана мыйзам бузуу экенин, ал үчүн каттоодон баш тартуу болушу мүмкүндүгүн айтып коюшсун. Эгерде алардын тажрыйбасы жетишпей жатса, анда биз аларга консультация бере алабыз, аны эч кимге айтпайбыз. Бул партиянын катарында узак жылдар чогуу болуп, биз мындайга жол берген эмеспиз», - дейт Канатбек Азиз.

Булак: vb.kg сайты

 

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Усон
Ата-Мекен партиясы, элге кызмат кылгандын ордуна, элди болуп жарган партиялардын бири.
Нурлан
Колдобойм! созуно турбаган партиялардан бири!
Нурлан
Колдобойм, анткени созуно турбаган партиялардан бири!
Абдырахим
Ата -Мекен досвидания
Али
Ата мекен партиясы ишеништен чыкты, булар бизди жыргатпайт