Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Канатбек Исаев: Биз эми калкка өз өмүрү менен өрнөк болчу чыныгы мекенчил уулдан айрылдык

04.02.2021 09:03
540
Канатбек Исаев: Биз эми калкка өз өмүрү менен өрнөк болчу чыныгы мекенчил уулдан айрылдык

Кечээ, 3-февралда Томок шаарынын тургуну, "Граф Токмакский" лакап  аты менен белгилүү Алиджан Ибрагимовдун каза болгону айтылды. Анын сөөгүн жерге берүү бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында өтө турганы белгилүү болду.


Алиджан Ибрагимовдун өлүмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев төмөнкүдөй билдирүү калтырган:


"Белгилүү коомдук ишмер Алиджан Ибрагимовдун мезгилсиз дүйнөдөн өтүшү бул биздин эл үчүн чоң жоготуу болду. Анын каза болушу бизди жана аны таанып билгендерди терең кайгыга салды. Анткени анын эмгеги Токмок эли үчүн  ат көтөргүс баалуу. Эл арасында жүрүм туруму, жасаган кайрымдуулук иштери менен элге өрнөк боло алган. Ошондой эле ал үй-бүлөдө камкор жана үлгүлүү ата болууга жетишти. Жаштарды билимге умтулуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, татыктуу жашоого үндөп дем күч бере алды. Биз эми калкка өз өмүрү менен өрнөк болчу чыныгы мекенчил уулдан айрылдык.

Маркумдун жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтабыз".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн