Президенттикке талапкер Канатбек Исаев өзүнүн айланасында сөз болуп жаткан кептерге жооп берди. Ал 22-декабрга карган түнү Фейсбуктан видео кайрылуу жолдоп, айтылган кептердин баарын жокко чыгарды.
“Мен жөнүндө жалган маалымат чыкты. Штабда бир аз өзгөрүүлөр болду. Эч кандай тараган жок, толук кандуу иштеп жатат. Чүйдө, Токмокто жолугушуулар болду. Колум да бошобой жатат. Кеңсемде түнкү 2де кайрылып жатам. Эртең Кудай буйруса Кочкордо жолугушуу болот”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн