Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Канатбек Исаевдин апасы 79 жаш курагында каза болду

05.07.2020 10:15
955
Канатбек Исаевдин апасы 79 жаш курагында каза болду


"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында дүйнө cалды.


Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы, 12-майда Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган.  Өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берди.


Асымбүбү Ташыбаева "Баатыр эне" ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Асымбүбү апанын артында 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды. 


Асымбүбү апанын сөөгү 2020-жылдын 6-июлунда саат 10.00до Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында коюлат.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Канатбек Кедейкановичке жана анын жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн