Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Канча окуучунун телефону жана үйүндө сыналгысы жок? Статистика

04.09.2020 17:32
946
Канча окуучунун телефону жана үйүндө сыналгысы жок? Статистика


Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктап чыккан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.  Ошондой эле, жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.


Билим берүү жана илим министрлиги сыналгы жана смартфон жетишсиз болгон окуучуларга жардам берүү иштерин жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн жардамында жүргүзүүнү улантууда,- деп айтылат маалыматта. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн