Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:02
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кандай арыз Башкы прокуратура тарабынан кабыл алынбайт?

18.03.2021 15:08
1060
Кандай арыз Башкы прокуратура тарабынан кабыл алынбайт?

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына кандай учурда доо арыз, кайрылуулар кабыл алынбай тургандыгын тизмектеп жазды.


Калк менен байланышты жакшыртуу максатында Башкы прокуратуранын расмий сайтында онлайн-кабылдама иштеп жатат. Кыргызстандын жарандары өлкөбүздүн баардык аймактарынан жана чет мамлекеттерден дагы башкы прокуратурага өз кайрылуу, арыздарын жөнөтсө болот. Онлайн кабылдама мекемедеги иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана иш алып барууну тездетүү максаттында ачылган.


Кайрылуулар «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык тѳмѳнкү учурларда кароого кабыл алынбайт:

• адепсиз жана кемсинтүүчү, мазактоочу сѳздѳр камтылса;

• текст латиницаны колдонуу менен орус тилинде жазылса же бардык сѳздѳр баш тамга менен жазылса, сүйлѳмдѳргѳ ажыратылбаса;

• почтасынын дареги толук жана так кѳрсѳтүлбөсѳ;

• кайрылуу арыздануу, даттануу, сунуштоо иретинде жазылбаса;

• андан тышкары, мамлекеттик бийликте тѳңкѳрүш жасоого, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалга үгүттѳѳлѳрдү камтыса.

Электрондук түрдѳ жѳнѳтүлгѳн кайрылуулардын авторлорунун жекече маалыматтары мыйзамдын талабына ылайык жүзөгө ашырылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кыскачы прием жок екен