Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, шайлоо өткөрүү боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында мыйзам боюнча өлкөдө өзгөчө же аскер абалы киргизилген учурда шайлоо өткөрүүгө болбойт.
"Шайлоо тилкесинде ар бир шайлоочунун дене табы текшерилип, вирустан коргонуучу жеке каражаттар берилет. Эпидемиологиялык абал туруктуу болуп, эпидемиологиялык абалга байланыштуу шайлоо боюнча маселе каралбайт деп үмүт кылалы", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн