Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Канга боёлгон өлүм алдындагы кат. Кара-Балта шаарында 4 кыз-келин жанын кыюуга аракет кылган

20.01.2022 09:36
2056
Канга боёлгон өлүм алдындагы кат. Кара-Балта шаарында 4 кыз-келин жанын кыюуга аракет кылган

Кара-Балта шаарында төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылышты. Бул тууралуу  "Турмуш" маалымат агенттиги кабарлады.


Белгилүү болгондой, 19-январда ооруканага төрт кыз — бирөөнүн тамыры кесилген, дагы үчөө көп өлчөмдөгү дары ичкен абалда жеткирилген. Алар 1995-жылы, 1996-жылы, 1997-жылы жана 1987-жылы туулган кыз-келиндер болгон.



Алар чогуу жашаган батирден табылган. Маалыматтар боюнча, жабырлануучулар алгач кат жазып, анда блогерлердин жашыруун видеокамералары аркылуу тартылып, интернетте тараган видеолордон улам ушундай кадамга барышканын билдиришкен.


Кыздардын бири өзүнүн катында үч кишини жалаа жапкандыгы үчүн айыптаган. Тактап айтканда, ал бул адамдар интернетке видеоматериалдарды таратканын, ошондой эле аны сойкулукка айыпташканын жазган. Өзүнүн айтымында, официант болуп иштеп, адал эмгек кылган. Кыз апасына да кайрылып, кызына кам көрүүнү суранган.


Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөөнүн абалы оор деп бааланууда. Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн