Америкалык илимпоздор коронавируска биринчи топтогу каны бар адамдар туруштук берет деген аныктаманы айтышууда. Адистер 750 миң адамга (алардын 10 миңи коронавируска кабылгандар) изилдөө жүргүзүшкөн соң биринчи топтогу каны бар адамдар коронавирус менен 9-18%га азыраак оорушаарын аныкташкан. Үчүнчү жана төртүнчү топтогу каны барлар вируска кабылгандардын 1,5%ын түзгөн.
Эске салсак, буга чейин 3-июнда европалык молекулярдык биологдор экинчи топтогу кандуулар COVID-19га жакын деп аныкташкандыгы маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн