Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Каныбек Иманалиев 12 жылдык билим берүү системасы тууралуу пикирин билдирди

27.02.2023 11:22
353
Каныбек Иманалиев 12 жылдык билим берүү системасы тууралуу пикирин билдирди

Бүгүн, 27-февралда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 12 жылдык билим берүү системасы тууралуу пикирин билдирди.


Иманалиевдин айтымында, ал мурдагы министрлердин туура реформаларын ишке ашырууга даяр.


"Биз советтик билим берүүнүн, британиялык система карап көрүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө билим берүүдө эң алдыңкы өлкөлөр британиялык методду колдонот.


Биз мындан тышкары өзүбүзгө ылайыктуу системаны түзүү үчүн өлкөбүздөгү эң алдыңкы мектептердин да системасын карап алар менен кеңешип анан реформа жасайбыз. 12 жылдык билим берүү системасы боюнча мен кийинчерээк оюмду дагы билдирем",- деди Каныбек Иманалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн