Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Каныбек Иманалиев: Кыргызстан эл аралык уюмдарга ылгабай эле мүчө боло бериптир

10.03.2020 17:10
895
Каныбек Иманалиев: Кыргызстан эл аралык уюмдарга ылгабай эле мүчө боло бериптир


Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы карыздары көп экенин, аларды кылдат иликтеп чыгып жана аны азайтуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү зарылдыгын бүгүн, 1-мартта ЖКнын комитет жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.


«Кыргызстан эл аралык уюмдарга ылгабай эле мүчө боло бериптир. Мисалы, Кыргызстан Гаага сотуна 16 млн доллар карыз. Мунун баарын тактап чыгышыбыз керек», - деп кошумчалады ал.


Белгилей кетсек, КР Президентинин 2019-жылдын 10-июлундагы Швейцарияга жасаган расмий иш сапарында Кыргыз өкмөтү менен Швейцариянын федералдык кеңеши тарабынан меморандумга кол коюлган. Анын алкагындагы берилүүчү гранттын көлөмү 685 миң долларды түзөт. 


Ошондой эле Финансы министрлиги тарабынан 20 миң доллар бир жолу салык киргизүүгө, жыл сайын 15 миң доллардан бул системаны тейлөөгө жумшалып, жалпы суммасы 720 миң долларды түзөт.


DMFAS программасы дүйнөнүн 57 өлкөсүндө жана 84 мамлекеттик мекемелерде орнотулган. Тышкы жана ички карызды башкаруу, гранттарды, кредиттерди көзөмөлдөөгө, мамлекеттик башкаруу стратегиясын даярдоо үчүн маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин Швейцария мамлекети тарабынан берилген техникалар менен иш жүргүзүлүп келген, азыр бул техникалар учурдун талабына жооп бербейт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн