Мен Жогорку Кенештин депутаттарынын шайлоосун 2021-жылдын июнь айына жылдырууга каршымын.
Биринчиден, Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык гана мөөнөткө шайлана турганы Конституциянын 70-беренесинде так жазылган.
Экинчиден, БШК тарабынан шайлоо күнү жарыяланган. Мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн моралдык укугу да, убакыт да жок. Конституциялык реформаны Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы жасашы керек.
Пикирлер (1)