Садыр Жапаров мамлекет башчысы болууга таптакыр даяр эместигин көрсөттү. Мындай пикирин ЖК депутаты Каныбек Иманалиев “Вести.kg” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
“Ал мамлекет башчысы болууга таптакыр даяр эместигин көрсөттү, өлкө алдындагы жоопкерчиликтин масштабын түшүнбөйт, конституциялык реформаны жөн гана курултай деп түшүнөт. Анын мага козголгон кылмыш иштери боюнча айткандары жалган жана жалаа. Ал фейктердин деңгээлиндеги маалыматка ээ. Биринчиден, “Коррупция” деген берене болсо, тергөө иштерин парламенттин макулдугусуз жүргүзсө болот эле. Мен ар дайым оппозицияда болуп, Атамбаевге, Бакиевге, Жээнбековго каршы болгом, бирок алар Жапаровдой болуп ылдый түшкөн жок”, - дейт Иманалиев.
Пикирлер (4)