Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Каныбек Иманалиев калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадай алтынды кайра иштетүү керектигин сунуштады

22.03.2021 13:27
598
Каныбек Иманалиев калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадай алтынды кайра иштетүү керектигин сунуштады

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия жеринде барып өндүрүштү көрүп келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.


Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Каныбек Иманалиев калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадай алтынды кайра иштетүү керектигин айтып, жаңы тендер өткөрүү мүмкүн экенин билдирди.


“Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү.


Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагындагы мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, ал жердеги 5 мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат. Жеринде барган комиссиянын айрым мүчөлөрү ар кандай багыттагы өз сунуштарын айтышты.


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында, эл өкүлөрү Кумтөр алтын кенине 18-мартта барышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн