Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Каныбек Иманалиев шайлоодон кийин камалабы?

06.01.2021 12:45
2001
Каныбек Иманалиев шайлоодон кийин камалабы?


“Эркин Тоо” гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүп, ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат.  Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тиешелүү жетекчилеринин үстүнөн иликтөө иши башталганын УКМКдан кабарлады.


2002-жылдын 20-августунда аталган имарат мамлекеттин тархый баалуулуктар имараттарынын тизмесине киргизилген. Бирок, 2015-жылы министрликтин кызмат адамдары менен сүйлөшүү жүрүп, бул жай аталган тизмеден чыгарылган жана ал жерге башка имарат куруу башталган. Мамлекеттин тарыхый баалуулуктар тизмесине кирген имараттар өкмөттүн чечими менен гана андан чыгарылат. Бул имаратты аталган тизмеге кайтаруу иши жүрүп жатат”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.


Эске сала кетсек, Бишкектин Чүй жана Киев көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан “Эркин Тоо” басмаканасынын имаратынын бир бөлүгүнө президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев ээлик кылат. Буга чейин бул боюнча Иманалиевдин артынан бир нече сөздөр айтылган. Шайлоодон кийин Каныбек Капашович дал ушул иш боюнча жоопко тартылып калышы ыктымал. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Волк
Найти уголовного дела найти корокодил теке нарын. Найдом корокил речка нарына будет уголовный дела.
Таа
Економика менен алектенбей бири бирин камап журо беришеби булар?