Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Каныбек Иманалиевди министрликке ким сунуштаганы белгилүү болду

01.03.2023 17:11
533
Каныбек Иманалиевди министрликке ким сунуштаганы белгилүү болду

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министрлиги кызматына талапкер Каныбек Иманалиевди кызматка дайындоого макулдук берүү боюнча жыйын өтүүдө.


Жыйындын жүрүшүндө депутат Руслан Жакышов аны ким министрлик кызматка сунуштаганын сурады.


"Кыргызстан кичине айыл сыяктуу. Жашырсаң билинип калат. Мени министрлик кызматка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сунуштады. Сунуш Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана президент тарабынан жактырылды.

Мен мага болгон ишеничти ишим менен далилденгенге аракет кылам",- деди Иманалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн