Каныбек Иманалиевдин басмакана, коррупция боюнча кылмыш иштери бар. Мындай пикирин президенттикке талапкер Садыр Жапаров 7-каналга берген маегинде билдирди.
“Каныбек Иманалиев буга чейин мага кылмыш ишин табыш Нарын дарыясынан крокодил издеген менен барабар деп айтып келген. Бирок буга кылмыш иши бар экен. Эмне үчүн карабайсыңар десе, анын депутаттыгынан коркот экен. Булар кыйкырып эле мандатты өздөрүнө калкан сыяктуу көрүп алган. Чынында Каныбек Иманалиевдин басмакана, коррупция боюнча кылмыш иштери бар. Ошол үчүн кыйкырып чыгып жатат. Шайлоодон жеңип чыгып козгойт деп коркуп жатса керек”, - дейт ал.
Пикирлер (2)