Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Каныбек Исаков пандемия окуу процессин уюштуруу боюнча президентке маалымат берди

22.07.2020 15:22
939
Каныбек Исаков пандемия окуу процессин уюштуруу боюнча президентке маалымат берди


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында окуу процессин уюштуруу чаралары, билим берүү тутумун санариптештирүү, анын азыркы күндөгү абалы менен өнүгүү келечеги талкууланды.

Министр Каныбек Исаков 2019/2020-окуу жылынын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын март айында иштелип чыккан антикризистик планга ылайык жыйынтыкталгандыгын билдирди.

Предметтик комиссиялар тарабынан окуучулардын ар кандай сынактарга, олимпиадаларга катышуусун эске алуу менен чейректик, жарым жылдык баалардын негизинде жыйынтык баалары чыгарылган.

ЖОЖ студенттери жана орто кесиптик окуу жайлардын окуучулары экзамендерди санарип технологиялардын жардамы менен онлайн-форматта тапшырышты.

Алдыңкы тажрыйбаларды, заманбап билим берүү ыкмаларын иликтөө, натыйжалуу практиканы киргизүү жана колдонуу максатында мугалимдер арасында «Санарип педагогика» аттуу республикалык сынак өткөрүлдү.

Каныбек Исаков өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болгон бүтүрүүчүлөр үчүн «Алтын тамга» тестирлөөсү бардык санитардык талаптарды сактоо менен ийгиликтүү өткөнүн маалымдады.

Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөө реалдуу режимде бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы менен ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага жалпы республика боюнча 43 миңден ашуун бүтүрүүчү катышты.

Министр 2020/2021-окуу жылына жогорку жана орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн-форматта ишке ашырылаарын кошумчалады. Буга «Абитуриент онлайн» деген автоматташтырылган маалыматтык тутум иштелип чыккан.

Жаңы окуу жылында биринчи чейректеги билим берүү процессин дистанттык режимде уюштуруу боюнча даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи. Бирок эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, окуучулар реалдуу режимде окуй алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн