- Көп жылдар бою согуш оту өчпөгөн Афганистандын тагдыры мындан жүз жылдар мурун кандай эле?
- Афганистандын феномени – бул акыркы 200 жылдагы геосаясат менен тыгыз байланышта. Англиянын колонизаторлору XIX кылымдын башынан бери бул шору каткан элди эзип келген. Айрыкча 1919-жылдан берки кордуктары көп айтылат тарыхта. Ооганстандын шахтары башкарган мезгилдер бир аз болсо дагы ооган элине жакшылыктарды алып келди десек болчудай. Андан кийин СССР менен АКШнын кезектешкен экспансиялык согуштары таңууланбадыбы! Канча кан төгүлүп, эки ири держава тең өздөрүнүн моделдерин киргизүүгө жанталашышты! Ошол эки державанын аракеттери эмне болду? Экөө тең шерменде болушуп, үйлөрүнө кайтышты. 1996-жылы жаңы эле күч ала баштаган талибандар өлкөнү 5 жыл башкарышты. Шарияттын мыйзамдарын катуу кармашты. Президент Наджибулланы дарга асып, саясый оппозицяларын аёосуз кырышты. 2001-жылы АКШ күч менен Афганистанга кайра кирди. Шылтоолору: Нью-Йорктогу эгиз мунара имараттардын кыйроосу болду. Ошондон бери, мына, үстүбүздөгү жылдын 15-августуна чейин куралдуу күчтөрдүн жардамы менен афгандардын президенти Ашраф Гани жетектеген марионеткалык бийлигин колдоп келишти. Президент Джо Байден аскер күчтөрүн алып чыгар замат талибдер Кабул баш болгон баардык калааларын бир жуманын ичинде ээлеп алууга жетишишти. Суроо туулат: эмне үчүн карапайым афган эли талибдерди тааный башташты? Анткени, Ашраф Ганинин администрациясы саткынчылык саясатка жетеленип, өз элин айбандык менен тоноп келишкен. Бир ууч эле өзүнө жакын чиновниктердин кулу болуп алган Гани башка саясый күчтөрдү укпай койгон. Натыйжасын көрдүк. Акчаларын көтөрө качып өлкөдөн чыгып кетти. Эл талибдердин колуна өттү. Качкандары дагы деле уланууда.
- Афганистандагы бул окуя бизге, Орто Азия өлкөлөрүнө кандай таасир берет?
- Кептин мааниси так мына ушунда. Талибдер өз өлкөсүнүн эле көйгөйлөрү менен алек болушабы, же дароо эле коңшуларга өздөрүнүн радикалдык таасирлерин таңуулай башташабы?Менимче, талибдер үчүн азыр эл аралык деңгээлдеги легитимдүүлүк маселеси маанилүү болуп турат. Алар баардык өлкөлөр менен алака түзүүгө умтулушат. Кытай менен сүйлөшүүлөр башталганын кабарлашууда. Россия мурдараак эле талибдердин лидерлери менен бир нече жолу жолугушушту. Бирок, талибдердин бир талуу жери бар: ал көп жылдан бери жакындашып, алтургай жуурулушуп бара жатышкан эл аралык террористтик согушчан уюмдар: ИГИЛ, “Аль-Каида”, ж.б. Ал шүмшүктөр талибандар менен бирдикте Афганистандын тез арада тынчтык жолу менен өнүгүп кетишине колкабыш кылып отуруп алышабы? Таң ай! Менин чоң күмөнүм бар... Тескерисинче, ал террористтер коңшу өлкөлөргө, айрыкча Орто Азияга таасир бере турган аракеттерге ооп кетишпейби?.. Анүстүнө Орто Азиянын авторитардык өлкөлөрүнүн лидерлери эмдигиче өз ара жарамдуу тил таба албай келишет. Кечээги Ашхабадда өткөн консультативдик жолугушуудан көп үмүт кылдык эле. Тилекке каршы, аморфтук эле декларациялардан башка сөз жок. Экономикалык, согуштук коргонуу маселелери жөнүндө ачык, амбициялуу билдирүүлөрдү көрө албадык. Ошондуктан Кыргызстан өз күчүбүзгө ишенип, чек араны катуу бекемдеп, элдин башын бириктире турган улуттук идеологияны тайманбай эле чапчаң уюштуруу жолуна түшүүбүз абзел.
- Сак болбосок, кошуна Тажикстандын жүзүн кечээ эле май айынын башында көрдүк го?
- Аларга ишенип болбойт. Анан калса, алар Афганистандын түндүгүндө жайгашкан 7 млн. тажик диаспоралары менен ойной башташканын дүйнөлүк ММК ачык эле жаза башташты. Бизчи? Бир гана УКМКнын жетекчисинин “500 студенттик квота берүүгө даярбыз” деген билдирүүсү чыкты. Бул болсо дагы дурус десек болот. Бирок, ал визалар Улуу Памирдеги кыргыз жаштарына гана берилсе, калган афгандыктардын бирин дагы жакындатпашыбыз керек! Моджахедтеррористтердин кыпчылып кирип кетүү ыктымалдуулугу абдан жогору. Азыр биз чоң сыноолордун алдында турабыз. Ошондуктан “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, президент Садыр Жапаровду ачык колдоп туруубуз абзел. Баардык прогрессивдүү күчтөрдү ары же бери деп бөлбөстөн, алардын күчтүү потенциалын колдонуу азыркы саясый бийликтин кечиктирилгис милдети! “Биригиңиздер, жакшылар!” демекчимин. Кыргыз элин Жараткан өзү колдосун!
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Жамиля Нурманбетова
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн