Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Каныбек Осмоналиев: “Кечээ министр, орун басары, вице-мэр, баары чуркап жүрүштү...”

23.02.2024 11:08
1359
Каныбек Осмоналиев: “Кечээ министр, орун басары, вице-мэр, баары чуркап жүрүштү...”


КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен маек.


- Агай, социалдык саясат комитетинин отурумунда депутат Аида Исатбек кызы менен бир аз кер-мур айтыша кеттиңиздер. Талаштын төркүнү эмнеде?


- Ооба, анча-мынча пикир келишпестик болду. Анын себеби эмнеде? 7-февралда биздин билим берүү министрибиз бир буйрук чыгарат. Ага ылайык, мектептин бүтүрүүчүлөрү сөзсүз түрдө тест тапшырышы керек. Бирок, буйруктун дагы бир абзацында “тест абитуриенттин окууга өтүүсүнө эч кандай таасир этпейт” деп турат. Мен ошону айттым да, “анда эмне кереги бар тесттин?” деп. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 17-беренесинин 3-пунктунда “башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында кирүү жана бүтүрүү экзамендери тапшырылат” деп так, даана жазылып турат. Андан сырткары, ошол эле пунктта “бардык лицейлерде, орто мектептерде менчик формасына карабастан, класстан класска которулганда мамлекеттик тилден оозеки жана жазуу түрүндө экзамен берилет” деп айтылат. Бирок, муну кечээги буйрукка такыр эле киргизбей коюшкан. Кечээ мен кыйкыргандан кийин бүгүн токтом долбооруна “5-11-класстан” деп киргизишиптир. А чынында 1-класстан киргизиш керек. Себеби, баланын тили 1-класстан калыптана баштайт. 


- Эгер мыйзамда болсо, анда министрдин ошондой буйрук чыгаруусуна зарылдык бар беле?


- Кереги жок болчу. Өзү 17-берене татаал берене, мен аны танбайм. Бирок, аны аткарыш үчүн жобо кабыл алыш керек эле. Мен түшүнүп эле турам, Бишкектин кээ бир кыйын деген мектептеринин балдары кыргыз тилинен тапшыра албай калат деп чочулап, кечээ министр, орун басарлары, вице-мэр, баары жүгүрүп жүрүштү. “Этап-этабы менен” дешет. Анда биз эмне болобуз? Дагы 35 жыл жүрөбүзбү? Кептин баары ошондо болуп атпайбы… 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн