"Ак көңүлдүн аты арыбайт" - деген кыргыздын күмөн туудурган сөзүн эч жактырбайм, кээде! Бирок, аялым айткандай менде ак көңүлдүктүн чеги жок окшойт! Баарыбыз эле бири-бирибизге кара мүртөздүк менен кара көңүлдүк кылып, жамандык ойлоп, аны ар түрдүү амалдар менен ишке ашырып, бири - бирибизди өлтүрүп же душманга салып бере коюп, болоор-болбос максаттарга жеткенге маашырланып келгендигибизден улам, жалчыбай келет окшойбуз! Бала кезимде чоң атам Абдираим мени кучактап отуруп: "Каныбегим сен көп жакшы кызматтарга жетесиң, бирок, өтө эле ак көңүлсүң!" - дей берчү.
Каныбек Осмоналиев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн