Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Каныбек Осмоналиев: Садыр Жапаровдун күнөөсү бардык инстанцияларда далилденген

11.06.2020 15:58
1379
Каныбек Осмоналиев: Садыр Жапаровдун күнөөсү бардык инстанцияларда далилденген


Саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митингинен кийин камакка алынган мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев Vesti.kg сайтына маек берип, Жапаровдун күнөөсү бардык инстанцияларда далилденип калганын билдирген. Ал ырайым кылып, же ага карата мунапыс колдонууну президенттен суранганын айтат.

 

Садыр Жапаров Жазык кодексинин өтө оор беренелери боюнча узак мөөнөткө соттолгон. Өз учурунда ал мурдагы бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы болду дешчү. Бирок, болору болду. Садыр Жапаровдун күнөөсү бардык инстанцияларда далилденип калды. Биз, анын тарапташтары соттордун чечимдерин моюнга алып, мамлекет башчыдан Жапаровду ырайым кылып же ага карата мунапыс колдонууну суранганбыз. Болгону ушул. Мен, албетте абалга жараша көз карашымды өзгөртүп же өз принциптеримден аттап кетпейм. Бул адамгерчилик маселеси. Садыр Нургожоевич болушунча азап тартты. Садыр түрмөдө отурганда атасы, апасы жана эң кейиштүүсү - күлгүн курагында уулу бул дүйнө менен кош айтышты. Бул ар бир эле адам көтөрө бербеген чоң кайгы. Биз адамбыз го, акыры. Садырга же мунапыс жарыяланып же ырайым берилиши керек”, - дейт ал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн