Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Каныбек Осмоналиев камакка алынды

03.03.2020 11:46
737
Каныбек Осмоналиев камакка алынды

 


2-мартта Бишкекте өткөн Садыр Жапаровду колдоо митингин уюштуруучуларынын бири Каныбек Осмоналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагына камакка алынды. Ошондой эле митингдин дагы бир активдүү катышуучусу  Д.А аттуу жаран да камалды. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен кылмышка шектелүүдө.



Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, бөгөт чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда. Ал эми 2-март күнү колго түшкөн 166 жарандын 162си бошотулганы маалым болду. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Белгисиз!
Камалсын акмак! Элди топтоп коюп өзү акырын кетип калды! Мыйзам чегинде жазага тартылыш керек!