Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 22:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Каныбек Осмоналиев жаңы кызматка дайындалды

12.05.2022 15:54
2151
Каныбек Осмоналиев жаңы кызматка дайындалды


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 10-майындагы №144 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Ал эми 2022-жылдын 10-майындагы №145 Жарлыкка ылайык Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.


Төраганы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаевдер келип, Улуттук комиссиянын жамаатына тааныштырды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулнара
Татыктуу инсан!