Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Абактагы Каныбек Осмоналиевге тез жардам чакыртылды, - УКМК

24.06.2020 16:11
865
Абактагы Каныбек Осмоналиевге тез жардам чакыртылды, - УКМК


23-июнь күнү шектүү Каныбек Осмоналиев ден соолугунун начарлыгын айтып, анын негизинде тез жардам кызматы чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, учурда Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Каныбек Осмоналиев COVID-19га карата ПЦР-анализ тапшырган.


Каныбек Осмоналиевдин адвокаттары тараткан Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери массалык түрдө илдетти жугузуп алышы мүмкүн деген маалыматын чындыкка дал келбестигин билдирет. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн тынымсыз өтүп жатышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн