Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Каныбек Туманбаев Бакиевдин үйүнүн ордуна курулуп жаткан балдардын реабилитациялык борбору жакында ачыларын билдирди

06.12.2022 14:03
796
Каныбек Туманбаев Бакиевдин үйүнүн ордуна курулуп жаткан балдардын реабилитациялык борбору жакында ачыларын билдирди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарында жакында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачыларын жазды.


“Урматтуу достор, эсиңерде болсо Жибек-Жолунда жайгашкан мурдагы президент К.Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет.


Президент Садыр Жапаров жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон, өз убагында аткардык”, - деп жазган Туманбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн