Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигине бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.
Берилген тапшырмалар компаниянын ишин жакшыртууга жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
1. Коррупциянын алдын алуу – МИКтин кызматкерлерин коррупцияга аралашпоо үчүн алдын алуу чаралары тапшырылды. Мындай чечим компаниянын ишенимдүүлүгүн камсыздоо жана жарандардын ишенимин бекемдөө максатында кабыл алынган.
2. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу – Мамлекеттик ипотекалык компания кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу милдети коюлган. Бул компания көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
3. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин, Кант жана Ысык-Атада жаңы ипотекалык үйлөрдү куруу тапшырылды. Аталган аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу жарандарды турак-жай менен камсыздоого жардам берет.
Бул тапшырмалар МИКтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана ар бир жаранга жеке турак жай алууга жардам берүүгө багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн