Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:11
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Каныбек Туманбаев туризмди өнүктүрүү жана табигий байлыктарды сактоо боюнча жаңы долбоорлорду жарыялады

03.02.2025 15:01
147
Каныбек Туманбаев туризмди өнүктүрүү жана табигий байлыктарды сактоо боюнча жаңы долбоорлорду жарыялады


Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы» мамлекеттик ишканасына иш сапар менен барып, аңчылык чарбасын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу боюнча инфраструктуралык планды талкуулады.


Иш башкармалыктан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө экологиялык туруктуулукка жана табигый ресурстарды сактоого өзгөчө көңүл бөлүнүп , төмөнкү сунуштар айтылды:


  • 1. Коноктор үчүн экологиялык стандарттарга жооп берген мейманкана куруу.
  • 2. Туристтер үчүн экосистемага зыян келтирбестен, табигый чөйрөгө шайкеш келүүчү А-фрейм үйлөрдү куруу.
  • 3. Мейманкананын аймагында жергиликтүү экологиялык таза азыктарды колдонуу менен ресторан ачуу.
  • 4. Туруктуу балык уулоонун принциптерин эске алуу менен балык чарбасын өнүктүрүү, бул туристтик кызматтардын түрүн көбөйтүүгө жана балык уулоо менен камсыздандырууга шарт түзөт.
  • 5. Табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу жана аны менен катар экологияны таза сактоо бул биздин негизги максат.

Белгилей кетсек, бул пландар аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, туристтер үчүн кызыктуу жайлардын санын көбөйтүү жана экосистеманы сактоо менен туризмдин өсүшүнө шарт түзүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн