Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Каныбек Туманбаев жеке ишкерлерди элге дары-дармек жагынан бирге жардам берүүгө чакырды

02.07.2020 09:40
1996
Каныбек Туманбаев жеке ишкерлерди элге дары-дармек жагынан бирге жардам берүүгө чакырды


Дүйнө мамлекеттерин каптап турган COVID-19 пандемиясы Кыргызстанды да өтө оор абалга кептеп отурат. Бул тууралуу жеке ишкер Каныбек Туманбаев өзүнүн социалдык тармактагы кайрылуусунда жазды.


Ал белгилегендей, акыркы суткада эле 439 жаңы учурдун катталганы баарын кооптонтуп койду. Ооруканаларда орундардын жетишсиздиги боюнча да түрдүү маалыматтар интернет айдыңында тарап, ансыз да жакшы эмес абалда турган элдин эсин чыгарууда. Мындай учурда такталбаган маалыматтарды таратуу абалды оорлоштурууга гана алып келерин эстен чыгарбоо керек.


“Мындай кыйын кырдаалда биринчи кезекте сабырдуулукту карманалы. Сабырдуулук – оорудан айыгуунун жарым жеңиши. Ашыкча кооптонуу, дүрбөлөңгө түшүү - оорунун күчөшүнө гана алып келет. Азыркы тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө бүгүнкү абалга өкмөттү, бийликти гана айыптаган посттор, комментарийлер көп жазылууда. Бирок, бир нерсени эске албай жатабыз. Дүйнөнүн баардык эле өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясы күн санап күч алып турганын дүйнөлүк маалымат булактарынан окуп-билип жатабыз. Бир гана Кыргызстанда ушундай абал эмес. Медицинасы өтө өнүккөн, экономикалык жактан кубаттуу өлкөлөрдө да абал жакшы эмес. Ал жактарда да медицина кызматкерлери оорулуулардын баарына жардам көрсөтүп жетише албай жатат. Коңшулаш мамлекеттерде да абал биздикинен оор. Бирок, алар сабырдуулукту сактап, адамзаттын башына түшкөн оор мүшкүлдү биримдикте, ынтымакта жана медиктердин койгон талаптарын так аткаруу менен жеңүү аракетин көрүүдө”, - деп билдирди Туманбаев.


Ошондой эле ал дары-дармектерди сатуу менен ишкерлик жүргүзгөн жергиликтүү компаниялардын ээлерине кайрылды.


“Элибиз азыр өтө оор күндөрдү башынан кечирип турат. Пандемиянын айынан туруктуу иштеп келген жумуштарынан да ажырап калгандар бар. Коронавирус карапайым жарандардын капчыгын бир топ бошотту. Күнүмдүк азык-түлүккө да акча табуу баш ооруга айланган учур болуп турат. Мындай кыйын кезеңде дарыканаларда дары-дармектерден баасын 3-4 эсеге чейин көтөрүү - элге жасаган кыянатчылык болуп саналат. Бир эле мисал – “Арбидол” дарысы акыркы саналуу күндөр ичинде эле 250-300 сомдон 800-1000 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Мунун себеби ал дарыга болгон суроо-талаптын кескин жогорулап кеткени гана болду. Болбосо, аны сырттан ташып келүүдөгү баа мурунку калыбында гана экенин эл да түшүнүп турат. Элибиздин аргасыздыгынан ашыкча киреше табуудан сиздерди алыс болууга чакырам. “Арбидолдун” баасы кайра мурунку эле баасына кайтарып келиңиздер. Бул сиздердин өз элиңиздерге жасаган камкордугуңуздар болуп калсын”, - деп билдирди Туманбаев.


Бүгүнкү кырдаалда биргелешип мамлекетке, элге жардам берүүнү сунуш кылган жеке ишкер өзү биринчилерден болуп элге жардамга кол сунууга даяр экенин айтты. 


“Дары-дармек ташуу менен ишкерлик жасаган достор менен байланышып, азыркы тапта таңкыстыкты жаратып жаткан, баасы асмандап көтөрүлүп кеткен (“Арбидол” дарысын) дары-дармектерди өлкөбүзгө алып келип, дарыканаларда алардын мурунку баасында сатылышын камсыздап берүү аракетин баштадык. Жакынкы аралыкта жыйынтыгы билинет. Менин бул сунушумду, деги эле карапайым элге кол сунууну туура көргөн бардык ишкерлерди биргелешип өлкө башына түшүп турган оорчулукту жеңилдетүүгө чакырам”, - деп кошумчалады Каныбек Туманбаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн