Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин атын жамынган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан 15-июлда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча 1993-жылы туулган К.Ж.Ж. кармалды.
Тактап айтканда, К.Ж.Ж. аттуу жаран К.Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, "Көчмөн сити" турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң доллар алганы аныкталган.
Мындан улам К.Ж.Ж.нын кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле Каныбек Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар аныкталып, алынган.
Кармалган жаран козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
Белгилей кетсек, мында кошумча "Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо" беренеси боюнча да иш каралууда.
Ошону менен бирге УКМК аталган жарандардын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн