Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант-Ивановка тилкесинде жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарына алмаштыруу боюнча жолду оңдоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жалпысынан 4 чакырымга темир-бетон шпалдарын төшөө пландалып, учурда 2 чакырымы төшөлүп бүттү. Жумушка 100дөн ашык темир жолчу жана 3 инженердик техника тартылган.
Иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык өткөрүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн