Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кант диабети менен ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу?

Кант диабети менен ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу?

Кант диабетинин 1- жана 2-тиби менен ооруган бейтаптар, башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң. Бул тууралуу Эндокринологиялык борбордун директору Н. Добрынина брифингде билдирди.


"Кант диабетинин 1- жана 2-тиби менен ооруган бейтаптар, башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң. Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өнүгүү тобокелдигин күчөткөн, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү жана башка факторлор менен байланыштуу", - деп билдирди Добрынина.


Анын айтымында, эмдөө тууралуу чечим дарыгердин чечими менен бейтапты текшерүүдөн өткөргөндөн кийин (дене табы 37° болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт), бейтаптын макулдугу менен колу коюлгандан кийин жүргүзүлөт. 


Эмдөө жүргүзүү үчүн кант диабети менен ооругандардын артыкчылыктуу тобу: 


 Саламаттык сактоо жаатындагы дүйнөлүк эксперттер, кант диабетинин 1-жана 2-тиби менен жана башка сейрек кездешкен түрлөрү менен ооруган бейтаптарга, каршы көрсөтмөлөрду жана эскертүүлөрдү эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү керек деп белгилешет.


 кан тамырлары менен көйгөйү бар бейтаптарга; 

жүрөк кан - тамырлардын коморбид диагнозу бар бейтаптарга; 

5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптарга;  

диализдеги бейтаптарга; 

 бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптарга.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн